Биринчи түрк – араб сериялы ТРТда эфирге чыгат

Түрк – араб өнөктөштүгү менен тартылган сериял «Чоң үй» ТРТ Ел Арабия каналында рамазан айында күн сайын эфирге чыгат

503432
Биринчи түрк – араб сериялы ТРТда эфирге чыгат

«Чоң үй» Түркия, Сауд Аравия, Кувейт, Марокко, Египет, Сирия жана Ливандан жети үй – бүлөнүн Түркияда жолдорунун кесилишүүсү жана бир бири менен болгон күлкүлүү темаларды алган. Анталья Белекте мейманкана менен тарыхый жана туристтик жерлерде тартылган сериялдын жакынкы убакта бүткөрүлүшү пландалууда.

Сериялдын рамазан айында күн сайын 45 минуталык убакыт менен араб дүйнөсүндөгү 350 миллион кишиге жеткирилүүсү максат кылынууда.

Азери режиссер Хаял Асланзаде сериялда 7 өлкөдөн оюнчулардын орун алгандыгын, киного тартуу ишинин эки жарым айдан бери жүргүзүлүп жаткандыгын, Сауд Аравия жана Түркиядан 120 кишилик топтун кызмат кылгандыгын айтты.

Негизги ролду ойногон египеттик Хамед Марзук да сериялдын түрк – араб карым – катнаштарына оң таасир берерин белгилеп : «Карым – катнаштарыбыз абдан жакшы, буйруса бул проекти менен дагы жакшы болот»,- деди.

Сауд аравиялык бир миллиардердин Антальяда өзүнө калган мурасты бөлүшүү үчүн туугандарын издеп  социалдык медиада бир видео жарыялоосу менен башталган «Чоң үй» башка өлкөлөрдөн кишилердин мураска орток болуу максатында Түркияга келүүсү менен башталган окуялар сүрөттөлөт.



Тектеш кабарлар