Конияда Эл аралык халал туризм конференциясы өтүп жатат

Конференция 5-майга чейин уланат.

483875
Конияда Эл аралык халал туризм конференциясы өтүп жатат

Конияда Эл аралык халал туризм конференциясы өтүп жатат.

Араб туризм биримдиги жана Кония мэриясы тарабынан уюштурулган конференцияда халал отел сектору, исламий финансы жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрү, ажылык жана умра багыттары менен халал күбөлүгү сыяктуу темалар каралууда.

Конференцияга Түркиянын маданият жана туризм министри Махир Үнал, Араб туризм уюмунун жетекчиси, Йемендин маданият жана туризм министри да катышты.

Конференцияда былтыр дүйнөлүк туризм кирешелеринин 1 жарым триллион доллар болгонун айткан Үнал: «Бул сан дүйнөлүк ички дүң продукциянын 10 пайызын түзүүдө. Түркия 2023-жылга карата туризм стратегиясында көздөлгөнү сыяктуу мындан 50 миллиард доллардык үлүш алууну жана 50 миллион туристке жеткирүүнү максаттоодо»,-деди.

Дүйнөдөгү халал туризм кирешесинин болсо 200 миллиард долларга жетээри божомолдонууда.

Ислам өлкөлөрүнөн Түркияга келген туристтердин санындагы өсүүгө да көңүл бурган Үнал: «2015-жылы өлкөбүзгө мусулман өлкөлөрдөн 7 миллион 600 турист келди. Мурдагы жылга салыштырмалуу 30 пайыздык өсүү болду»,-деди.

Конференция 5-майга чейин уланат.  



Тектеш кабарлар