Сойлоп жүрүүчү байыркы жаныбардын таман изинин калдыгы табылды

Триас дооруна таандык  сойлоп жүрүүчү жаныбардын таман изинин калдыгы эң жакшы сакталган

483227
Сойлоп жүрүүчү байыркы жаныбардын таман изинин калдыгы табылды

Испанияда 230 миллион жылдык сойлоп жүрүүчү жаныбардын таман изинин калдыгы табылды.  

Барселона шаарынын Олеса-де-Монтсеррат аймагында аныкталган бул калдык, Испанияда ушул учурга чейин табылган сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын фосилдеринин арасында эң жакшы сакталганы болуп саналат.

Триас дооруна таандык  сойлоп жүрүүчү жаныбардын таман изинин калдыгы, апрель айынын башында Олесага жакын жерде илимий максаттуу кыдырып жүргөн киши тарабынан табылды.

Палеонтологдор бул калдыктын, динозавр жана крокодилдердин атасы болгон сойлоп жүрүүчүлөргө таандык экенин айтып жатышат.

Адистер таман изинин калдыгы эң жакшы сакталгандыктан тырмак жана тери издери даана көрүнүп тургандыгын белгилешти.

Олеса-де-Монтсерраттан 3 километр алыстыкта бир канча жыл мурда да ушуга окшогон фосилдер табылган болчу.

Бул фосилдер Пиреней жарым аралынын ушул аймагында гана кездешүүдө.



Тектеш кабарлар