"Жылдын фотосүрөтү" көргөзмөсү

Анадолу агенттиги тандаган фотосүрөттөр Пулитцер сыйлыгына ээ болууда

479057
"Жылдын фотосүрөтү" көргөзмөсү

Анадолу агенттиги тандаган фотосүрөттөр Пулитцер сыйлыгын алууда.

Анадолу агенттиги быйыл экинчисин уюштурган «Стамбул Photo Awards 2016» сынагынын биринчи көргөзмөсү, Анкарадагы CerModern көркөм өнөр борборунда фотосүрөт сүйүүчүлөргө тартууланды.

Сынактын эң маанилүү өзгөчөлүгү биринчи болуп тандалган фотосүрөттөрдүн эки жылдан бери дүйнөдөгү эң престиждүү сыйлыктардын арасында орун алган Пулитцер сыйлыгына да ээ болушу.

Түрк аба жолдорунун демөөрчүлүгүндө, Премьер-министрликке караштуу таанытуу фондунун колдоосу менен уюштурулган сынакта, сириялык фотосүрөтчү Абд Думанийдин «Сириялык балдардын жардам чакырыгы» аттуу фотосүрөтү эл аралык калыстар тобу тарабынан «Жылдын фотосүрөтү» сыйлыгына татыктуу көрүлдү.

Сириялык баш калкалоочулардын трагедиясын чагылдырган «Баш калкалоочулар» аттуу фотосүрөтү менен биринчиликти алган Сергей Пономарев да ушул эле фотосүрөтү менен Пулитцер сыйлыгын алды.

Ошондой эле Анадолу агенттиги тарабынан «Жылдын фотосүрөтү» деп тандалган маалымат фотосүрөтү да Пулитцер сыйлыгына ээ болду.

Анадолу агенттигинин дүйнөдөгү кайгылуу окуяларга күбө болгон фотосүрөттөрү, жандуу мисалдары менен кийинки муундарга көрсөтүлө турган маанилүү документ мүнөзүндө болуп саналат.

Бул көргөзмө 1-майга чейин Анкарада уланат.



Тектеш кабарлар