Ирандан түрк режиссерго сыйлык

34 -  Эл аралык Фежр кино фестивалында эң жакшы режиссер сыйлыгын «Блокада» киносу менен түрк режиссер Эмин Алпер алды

478420
Ирандан түрк режиссерго сыйлык

Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлгөн 34 -  Эл аралык Фежр кино фестивалында мыкты режиссер сыйлыгын «Блокада» киносу менен түрк режиссер Эмин Алпер алды. Эмин Алпердин сыйлыгы  Вахдет залында өткөрүлгөн азем менен тапшырылды. Алпердин карьерасындагы экинчи узун метраждуу кино «Блокада» түрк, Катар жана француздардын биргелешкен чыгармасы. Кино катуу саясий зомбулук чөйрөсүндө бутунда турууга аракет кылган эки бир туугандын баянын чагылдырган. 33 -  Фежр кино фестивалынын мыкты режиссер сыйлыгын да түрк режиссер Фарук Хажыхайызоглу «Кар каракчылары» аттуу киносу менен алган.



Тектеш кабарлар