Ганноверде өнөр жай жарманкеси өтүп жатат

Түркияны 134 компания өкүлдүк кылууда.

478276
Ганноверде өнөр жай жарманкеси өтүп жатат

Дүйнөдөгү эң маанилүү технологиялык иш-чаралардын бири болгон Ганновердеги өнөр жай жарманкеси ачылды.

Германиянын Ганновер шаарында жыл сайын уюштурулган көргөзмө-жарманкеде өнөр жай тармагындагы акыркы технологиялык өнүгүүлөр көрсөтүлүүдө.

Ушул тармактагы лидер компаниялар катышып жаткан иш-чарада өндүрүүчүлөр, сатуучулар жана кардарлар акыркы технологиялык өнүгүүлөрдү жакындан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда.

75 өлкөдөн 5 миңден ашуун фирма катышып жаткан жарманкеде Түркияны 134 компания өкүлдүк кылууда.

250 миң кишинин кыдырышы күтүлгөн көргөзмө-жарманке 29-апрелде аяктайт.

 

 



Тектеш кабарлар