Түрк жылдыздары паркы Коньяда ачылды

Түрк жылдыздары ачылышта атайын көрсөтүүсү менен элди суктандырды.

472538
Түрк жылдыздары паркы Коньяда ачылды

Түркиянын авиация темалуу алгачкы паркы «Түрк жылдыздары паркы» Коньяда азем менен ачылды.

Түрк жылдыздары ачылышта атайын көрсөтүүсү менен элди суктандырды.

Конья шаарынын башчысы Тахир Акйүрек ачылыштагы сөзүндө Акробатика тобу Түрк жылдыздары Түрк армиясы жана аба күчтөрүнүн көздөлгөн тобу экенин айтты.

Түрк жылдыздарынын Коньянын эң маанилүү баалууктарынан жана маркаларынан болгонуна көңүл бурган Акйүрек, паркты Түрк жылдыздарынын атынан ачкандары үчүн сыймыктанганын сөз кылды.

Андан кийин Коньядагы 3-башкы реактив базасында кызмат кылган Түрк жылдыздарына таандык 7 учак өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Көргөндөрдүн кызыгуусун тарткан учуулардан кийин акробатика тобундагы учкучтар атуулдар менен жолугушту.

Түрк жылдыздары дүйнөдө 8 бийик үндүү согуш учагы менен көрсөтүүсүн кылган жалгыз акробатика тобу болуу өзгөчөлүгүнө ээ.

321 миң чарчы метрдик аянтта кылырган Түркиянын алгачкы авиация темалуу паркы, алгачкы жаңылыктары менен көңүлдү бурат.

Паркта Түрк жылдыздары тобунан чыгарылган 2 даана F-15 учактары жайгаштырылган. А-300 үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы да кафетерия катары элге кызмат кылууда.


Этикеткалар: #Түрк жылдыздары

Тектеш кабарлар