Вашингтондо түрк кинофестивалы башталды

Фестиваль ушул жуманын аягына чейин уланат

469384
Вашингтондо түрк кинофестивалы башталды

АКШнын борбору Вашингтондо биринчи жолу уюштурулган Вашингтон Колумбия округунда түрк кинофестивалы башталды.

Маданият жана туризм министрлиги менен Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин колдоосу менен борбор шаардагы «E Street» кино залында башталган фестивалдын алдында сый кече өткөрүлдү.

Сый кечеге Вашингтондо жашаган түрк жарандары менен катар көптөгөн америкалык да катышты.

Ушул жуманын аягына чейин улана турган фестиваль бою ар түрдүү түрк кинолору акысыз жана англис тилиндеги титр менен көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар