Стамбулда «Жоогазын килеми»
Ал 563 миң жандуу жоогазын гүлүнөн турат
468809
Дүйнөдөгү эң ири жандуу «Жоогазын килеми» Стамбулдун Султанахмет аянтында эл назарына коюлду.
11-Жоогазын фестивалынын алкагында 563 миң жандуу жоогазын гүлүнөн турган 1 миң 728 метр квадраттык аянтта жасалган жоогазын килеми кыдыруучуларга 30-апрелге чейин ачык болот.
Стамбул мэриясынын шаардык кеңешинин төрага милдетин аткаруучу Ахмет Билал Кыймаз, 2005-жылы башталган «Жоогазын үйүнө кайтууда» аттуу акциянын негизинде көчөттөрү көчүрүлгөн жоогазындар кайрадан Стамбулдун бардык жеринде гүлдөй баштаганын жана шаардын көрүнүшүнө көрк кошконун айтты.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.