Антальяда туризм сезону үчүн даярдыктар аяктап баратат

Анталья май айынан тарта туристтерди коноктой баштайт.

464991
Антальяда туризм сезону үчүн даярдыктар аяктап баратат

Түркиянын туризм борбору Антальяда туризм сезону үчүн даярдыктар аяктап баратат.

Түркияга келген чет элдик туристтердин орто эсеп менен үчтөн бирин кабыл алган Антальяда туристтик жайлар, бейөкмөт уюмдары жана жергиликтүү башкаруучулар, сезондон тышкаркы айларды жергиликтүү жана чет элдик конокторду эң жакшы шарттарда тосуп алуу үчүн даярдык көрүп өткөрүштү.

Туристтик жайларда жаңы сезонго даярдыктар акыркы баскычына келсе, май айынан тарта абанын ысышы менен Анталья дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнөн туристтерди коноктой баштайт.

Жергиликтүү башкаруучулар да маселесиз туризм сезонун өткөрүү үчүн өзгөчө жээк жана пляждарда даярдык көрүп жатышат.

Узундугу орто эсеп менен 6 километр болгон көгүлтүр желектүү Коньяалты пляжы, жайкы сезон бою саат 09.00-19.00 арасында кызмат көрсөтөт.



Тектеш кабарлар