Македонияда маанилүү иш-чара өттү

"Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын окутулушу үчүн мугалим окутуу программасы" аттуу билим берүү семинары берилди.

464522
Македонияда маанилүү иш-чара өттү

Македониянын борбор калаасы Скопьеде маанилүү иш-чара өттү.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) жана Бейаз ай коому тарабынан "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын окутулушу үчүн мугалим окутуу программасы" аттуу билим берүү семинары берилди.

5 күндүк семинарга майып балдарга билим берген мектептерден мугалим жана иштегендер, майыптарга карай иш жүргүзгөн коомдордун өкүлдөрү жана майып окуучулардын ата-энелери катышышты.

Семинар катышуучуларга сертификат тапшыруу менен аяктады.

Аземге Түркиянын Скопьедеги элчиси Өмүр Шөлендил, ТИКАнын координатору Теоман Тиряки, Македония түрк жарандык коомдордун уюмдары коомунун төрагасы Тахсин Ибрахим, Скопьедеги "Юнус Эмре" атындагы институтунун директору Мехмет Самсакчы чакырылгандардын арасында орун алды.

Элчи Өмүр Шөлендил, семинардын маанисин баса белгилеп, майып балдардын коомчулукка интеграция кылынышынын абдан кубандыруучу процесс болгонун айтты.

ТИКАнын Скопьедеги координатору Тиряки да, программада 50 кишиге билим берилиши көздөлүп жатканда, чоң талап болгондуктан бул сан 100гө жеткенин баса белгиледи.

Бейаз ай коомунун өкүлү Осман Демиржи да программанын уландысында билим алгандардын бир бөлүгүн Түркиядагы мектептерге жолдоорун жана мекемелердеги ишке ашырууларды көрүүлөрүн камсыздай тургандарын белгиледи.

Семинардын катышуучулары да бул программанын узун мөөнөттүү түрдө улантылышын үмүт кылгандарын айтышты.



Тектеш кабарлар