Дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт
Дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт кайсы өлкөдө?
Сингапурдагы Чанги аэропорту удаама-удаа төртүнчү жолу дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт деп тандалды.
Аэропорттордун дүйнөлүк рейтингин чыгаруучу Skytraxтин расмий интернет барагында жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, Сингапурдан кийин Түштүк Кореянын борбору Сеулдагы Инчхон аэропорту жана Германиянын Мюнхен аэропорту турат.
2016-жыл менен катар 4 жыл удаама-удаа дүйнөдөгү эң мыкты аэропорт болуп тандалган Чанги аэропорту, акыркы 16 жылдын ичинде жетинчи жолу бул сыйлыкты алган болду.
Мындан тышкары Чанги эл аралык аэропорту, жүргүнчүлөрдүн күтүү мөөнөтүндөгү «убакыт өткөрүү» категориясында да дүйнөдө мыкты деп аныкталды.
Аэропорттордун рейтинги дүйнөдөгү 550 аэропортто 106 башка улуттан 13 миллион 250 миң жүргүнчү аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде белгиленди.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.