Бостон түрк кино фестивалы

Бостон түрк кино фестивалы заманбап түрк киносунун үлгүлөрүн жана режиссерлорун дагы бир жолу америкалык көрүүчүлөр менен жолугуштурат

452074
Бостон түрк кино фестивалы

Бостон түрк кино фестивалы заманбап түрк киносунун үлгүлөрүн жана режиссерлорун дагы бир жолу америкалык көрүүчүлөр менен жолугуштурат.

17 - мартта Толга Карачеликтин «Сармашык» киносунун көрсөтүүсү менен баштала турган фестиваль бул жылы 15 – жылын белгилөөдө.

3 - апрелде Эмин Алплердин «Аблука» киносу менен аяктай турган фестивалда 21 кино көрсөтүлөт. Фестиваль программасынын негизинде 9 кинонун Түндүк Америкадагы биринчи көрсөтүүсү ишке ашат.

Фестивалдын программасы Чаган Ырмактын «Дедемин инсанлары жана Надиде хаят», Нермин Эр жана Исмет Куртулуштун «Римолар ве Зимолар: Касабада барыш», Али Атайдын «Лимоната», Дениз Гамзе Эргүвендин «Мустанг», Жем Каянын «Мотөр», Бен Хопкингстин «Хасрет», Мерт Байкалдын «Кардешим беним», Эмине Эмел Балжынын «Нефесим кесилене кадар», Зеки Демиркубуздун «Буланты», Мустафа Каранын «Каландар Соугу», Сенем Түзендин «Ана юрду», Фарук Хажыхафызоглунун «Кар корсанлары», Шериф Йенен жана Левент Аяшлынын “İstanbul Unveiled” жана Эмин Алпердин «Аблука» аттуу кинолорунан турат.

Фестивалдын негизинде түрк киносунда «Мыкты» сыйлыгынын ээси Чаган Ырмак болгону билдирилди. Режиссерго сыйлыкты Бостон көркөм өнөр музейинде акыркы киносу «Надиде хаяттын» Түндүк Америкада көрсөтүлгөндөн киийн өткөрүлө турган азем менен тапшырылат.

Фестивалда айрыкча даректүү жана кыска фильм конкурсунда жеңүүчү болгон кинолорго да сыйлык берилет.



Тектеш кабарлар