Япон астронавт Эл аралык космостук станция үчүн даярдык көрүп жатат

Япон астронавт космосто төрт жарым ай жүрөт

446671
Япон астронавт Эл аралык космостук станция үчүн даярдык көрүп жатат

Япон астронавт Такуя Ониси Эл аралык космостук станцияда өткөрө турган төрт жарым ай үчүн АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында жайгашкан космодромдо даярдык көрүп жатат. Япониялык астронавт апрель айында Орусияга барат жана июнда да Казакстандагы Байкоңур космодромунан Эл аралык космостук станцияга учуусу пландалууда.

Ониси космосто, жаңы дары-дармектер жана материалдарды иштеп чыгуу маселелери боюнча эксперименттерди жүргүзүп, орбитага кичинекей спутник жайгаштырмакчы.



Тектеш кабарлар