Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын ачылышы Стамбулда өттү (видео)

“2016-жыл – Түрк дүйнөсүндө Жусуп Баласагын жылы”

438709
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын ачылышы Стамбулда өттү (видео)

Түрк тилдүү элдердин маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙ 2016-жылды түрк дүйнөсүндө «Жусуп Баласагын» жылы деп жарыялаганы белгилүү. 19-февраль күнү Стамбул шаарынын Казлы-Чешме маданият борборунда Түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу, көөнө сөз маданиятынын чебери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган “2016-жыл – Түрк дүйнөсүндө Жусуп Баласагын жылынын” ачылышы кыргыз-түрк коомчулугунун катышуусундагы чоң салтанат менен өткөрүлдү.

Салтанаттын расмий бөлүгү Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын мамлекеттик гимндери менен башталып, ТҮРКСОЙ Баш катчысы Дүйсен Касеинов, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, Стамбул шаарынын Зейтинбурну район акими Мурат Айдын, Түрк дүйнөсү муниципалитеттер Бирлигинин төрагасы Ибрагим Караосманоглу, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Түркия Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары Хүсеин Яайман мырзаларга сөз берилди. Жусуп Баласагындын тарыхый ордун, чыгармачылыгындагы өзгөчө урунттуу учурларды, бир эле кыргыз элинин эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн сыймыгы экендигин алар өз сөздөрүндө баса белгилешти.



Тектеш кабарлар