Ислам тарбиясы-6

Ыйык китептерге ыйман келтирүүнүн жеке инсан жана коомдук жашоо үчүн мааниси

435332
Ислам тарбиясы-6

Алла Тааланын адамдар менен болгон байланышы периштелер аркылуу вахийлер жөнөтүлүп ишке ашкан. Алланын буйруктары ыйык китептери аркылуу адам баласына жеткирилген. Алла таала китептери аркылуу адамдарга туура жолду көрсөтүп, укуктарын жана кызматтарын билдирген. Ыйык китептер Алланын улуу мыйзамдары болуп эсептелет.

Кудайдын пайгамбарларына жөнөткөн ыйык китептеринин бардыгына ыйман келтирүү ыймандын негиздеринин бири. Ыйык китептерге ыйман келтирүү, Алланын сөздөрүнүн туура экенине жана чындык экенине ыйман келтүү дегенди туюнтат.

Китептерге ыйман келтирүү, Алланын адамдар арасынан тандаган пайгамбарларынын бир бөлүгүнө китептерди жөнөткөнүнө, бул китептерди жактырып иш кылгандардын дүйнө менен акырет кубанычына жете тургандарына толук ишенүүсүн камтыган түшүнүк болуп саналат.

Ыйык китепке ишенүү, жашоосун анын жол башчылыгында өткөрүү, буйруктарын кемчиликсиз орундатууга аракет кылуу дегенди туюнтат.

Алла талаа «Кимде ким периштелерин, китептерин, элчилерин жана акырет күнүн четке какса анда ал акылынан адашкан болот» деп буюруп, китептерге ишенбөөнүн акаарат кылгандык экенин сөз кылган.

Ыйык китептер Алланын сөз сыпатынын бир эмгеги болуп эсептелет. Пайгамбарларына вахий жолу менен билдирген сөздөрүнүн так түрү десек болот. Пайгамбарларга түшүрүлгөн китептерге ыйык китеп дегендин себеби булардын Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөнү, сөз жана мазмуну жагынан аларда адамдардын салымы болбогонунан улам. Бардык ыйык китептер Алла тааланын буйругу болуп саналат. Булактары жана мазмуну жагынан араларында айырмасы жок болуп Курандан тышкаркы китептердин адамдар тарабынан өзгөртүлгөндүгүн да айта кетишибиз керек. Курандын Алладан кандай келсе дал өзүндөй сакталып келгени жана кыямат күнүнө чейин да сактала турганы билдирилген.

Аллаанын китептери, анын сөздөрүнүн кагазга түшүрүлгөн түрү болуп эсептелет. Ошондуктан анын китептери сөздөрүнүн эң улуулугу. Ушундан улам Азирети Пайгамбар «Алланын сөздөрүнүн берки сөздөргө болгон үстөмдүгү, Алланын жараткандарына болгон үстөмдүгү сыяктуу» деп буюрган.

Башка хадисте болсо «Аллаанын өз сөзүнөн улуу эч бир сөз жок. Кулдары да Аллага анын сөзүнөн дагы жагымдуу эч бир сөз менен жооп кайтарышкан эмес» деп айтылып, Алланын сөздөрүнүн улуулугу баса белгиленген.

Алла Таала түшүргөн китептерде, адамдын Алланы туура таанып ага кулдук кылышын камсыздай турган эскертүүлөргө орун берген. Инанч жана ибадеттерге байланыштуу темалар, ахлактык жоопкерчиликтер, өтмүштөгү мусулмандардын тажрыйбалары, дүйнөлүк жашоо үчүн маанилүү болгон эрежелер жана акырет жашоосунун маңызы сыяктуу темалар ыйык китептердин мазмунун түзүүдө. Алаа таала ыйык китептерде белгилеген негиздер менен дүйнөдө жана акыретте бактылуу болуулары үчүн адамдарга жол көрсөткөн.

Куран жана хадистерде билдирилгендей Тоорат-Азирети Мусага, Забур-Азирети Давудга, Инжил-Азирети Исага, Куран- Азирети Мухаммедге түшүрүлгөн. Айрыкча Азирети Адамга 10, Азирети Шитке 50, Азирети Идриске 30 жана Азирети Ибрахимге 10 барак түшүрүлгөнү белгилүү.

Мухаммед пайгамбар жана Куран жөнүндө маалыматы бар бардык адамдар да бул ыйык чакырыктын сүйлөшүүчүсү катары Алланын жөнөткөн акыркы пайгамбарына жана акыркы китебине ыйман кылуулары керек.

Куран кыямат күнүнө чейин келе турган бардык адамдарга кайрылууда жана жол көрсөтүүдө. Адам баласы, акыркы ыйык китеп болгон Курандын жол башчылыгында өз тажрыйба жана акылынын үстөмдүгүнө калтырылган. Мухаммед Пайгамбар: «Сизге бир нерсе калтырамын, ага ээ болгондон кийин эч качан жаман жолго түшпөйсүз. Ал Алланын китеби болуп саналат» деп буюруп үммөтүнө калтырган эң чоң мурастын Куран экенин маалымдаган.

Ыйык китептердин жөнөтүлүү сырлары жөнүндө буларды айта алабыз: «Ыйык китептер адамдар үчүн өз-өзүнчө жол көрсөткүч болуп эсептелет. Аллаага кулдук кылуу, табият менен байланыш түзүү, адамдар менен чогуу жашоонун эреже жана негиздери ушул жол көрсөткүчтөрдө билдирилген.

Алланын буйруктары ушул китептердин негизинде билинген. Бул китептер болбогондо адамдардын жашоосунда тартипке сала турчу принциптер жок болмок. Алар жаратылуудагы ыйык сыр, жоопкерчилик, кызматтары жана акыретке байланышуу жөнүндө маалыматтарды ала алмак эмес.

Китептерде орун алган билдирүү жана маалыматтар, адамдар өз жөндөмдүүлүгү менен биле албаган жагдайлар болуп эсептелет. Адам өзү жөнүндө жакшы жана жаман болгон иштерди, өзүн күткөн акыретти жана напсисин кантип көзөмөлдөй турганын так билбейт. Ошондуктан бул маалыматтар берилбегенде, адам баласы өтмүшүн жана келечегин билбей жашоосунда ийгиликсиздиктерге дуушар болмок.

Ыйык китептер адамдардын ичинен тандалган пайгамбар аркылуу жөнөтүлгөн жана ыйык буйруктар алгач алар тарабынан ишке ашкан. Бул да китептердеги буйруктардын аткарылса боло турганын ортого салууда.

Китептер пайгамбарлардан кийин да кайрылуу булагы болуп саналат. Алар аркылуу адамдар Аллаанын дининен кабардар болушат. Жеке инсан жана коомчулуктардын руханий жашоосу ушулар менен күчтөнөт.



Тектеш кабарлар