Адыяман булгаарыдан жасалган сумкалар менен таанытылат

Таза булгаарыдан жасалган сумкалардын үстүнө Немрут тоосу, Жендере көпүрөсү, Перре байыркы шаары менен Сахаба Саффан Бин Муаттын кабыры сыяктуу облустун тарыхый курулуштарынын сүрөттөрү түшүрүлөт

434436
Адыяман булгаарыдан жасалган сумкалар менен таанытылат

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурас тизмесинде орун алган Немрут тоосу башта болуу менен бир топ тарыхый курулуш орун алган Адыямандын маданий мурастары булгаары сумкалар менен таанытылат.

Облустук элге бирим берүү борборунун директорлугунун кошумча имаратында ачылган булгаары иштетүү курсунда таза булгаарыдан жасалган сумкалардын үстүнө Немрут тоосу, Жендере көпүрөсү, Перре байыркы шаары менен Сахаба Саффан Бин Муаттын кабыры сыяктуу облустун тарыхый курулуштарынын сүрөттөрү түшүрүлөт.

Бул сумкалар Түркиянын туризм аймактарында сатууга чыгарылат жана жылда жергиликтүү жана чет элдик 300 миңге жакын турист келген шаардагы бул жерлер таанытылат.

Адыямандын Элге билим берүү директору Азиз Өзбилгич, Адыяман акимчилигинин Социалдык жардамдашуу программасынын проектисинин негизинде булгаары курсунун ачылганын айтты. Курстун негизинде курулган ательеде булгаары сумкалардын абдан тыкандык менен даярдалганын айткан Өзбилгич буларды жаңы туризм сезонуна жетиштирүүгө аракет кылышкандарын белгиледи.

Курска катышкан 17 кишинин эмгеги менен жасалган сумкалардын кийинки күндөрдө үзгүлтүксүз чыгарылары да пландалууда.



Тектеш кабарлар