ТРТнын Академиялык журналынын алгачкы саны чыкты

Түрк тили менен катар англис тилинде да макалаларды чыгарган журналды интернеттен да окуй аласыздар.

430891
ТРТнын Академиялык журналынын алгачкы саны чыкты

Түркияда радио-теле берүүлөрдүн башында турган ТРТ, визуалдык жана адио берүүлөр менен катар басма сөздө да көп сандаган чыгарманы ортого салды. Бул тармакта эң акырында Түркиянын Академиялык бөлүмдөрүнө, өндүрүмдүүлүгүнө өз ичинде жаңы тармак ачуу аркылуу эл аралык максаттары болгон рецензуралык журнал чыгарды.

ТРТ, бул иштери менен берүү секторунун проблемаларына нур чачып бул тармакта стратегияларды өндүрүп чыгып медиа секторунун чечим чыгаруучуларына так сунуштарды тартуулоону максаттоодо.

Түрк тили менен катар англис тилинде да макалаларды чыгарган журналды интернет аркылуу окуй аласыздар.

ТРТнын Билим берүү демартаменти тарабынан даярдалган, редакторлугун проф.М.Билал Ак милдеттенген ТРТнын Академиялык журналынын 2016-жылы январь айында чыккан алгачкы санында «Көңүл ачуу индустриясы» аттуу тема чыкты. Алгачкы санында илимий макалалар менен катар академия жана медиа дүйнөсүнүн маанилүү ысымдары менен болгон репортаждар, китептерге сын-пикирлер жана анализдер орун алган.

Журналдын 2016-жылдын июль айында чыга турган 2-санында башкы тема «Санариптик медиа» деп тандалды.

Бул негизги теманын алкагында «Санариптик медиа жана укук», «Социалдык желелер жана интернет төңкөрүштөрү», «Санариптик маданият жана виртуалдык өздүк», «Санариптик сатуулар», «Интерактивдик берүүлөр», «Санариптик медиа жана жеке эркиндик», «Санариптик жарнама», «Санариптик дипломатия» ж.б. темалар каралат.

ТРТнын академиялык журналынын 2-саны үчүн макала жиберүү 2016-жылдын 15-мартында аяктайт.



Тектеш кабарлар