ТРТнын Антальядагы Медиа семинары аяктады
Башкы директор Шенол Гөка семинар программасындагы бөлүшүүнү бир туугандардын дасторконуна окшоштурду.
ТРТнын Эл аралык Медиа семинар программасынын үчүнчүсү гала кечеси менен соңуна чыкты.
ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, семинар программасындагы бөлүшүүнү бир туугандардын дасторконуна окшоштурду.
Гөка: «Ар ким бул бир тууган дасторконуна өз тамагынан, өз билгенинен, тажрыйбасынан бир нерселерди ала келди. Бул жерде бөлүштүк. Кайткандан кийин да карым-катнаштарыңыздарды үзбөй бул бөлүшүүнү кандайдыр бир түрдө уланталы»-деп айтты.
47 өлкөдөн 115 медиа кызматкери катышкан программада, кабарчылык, радио жана телеберүүлөр менен социалдык медианын колдонулушуна байланыштуу билим берилди. Катышуучулар бир жумалык билим берүү программасына ыраазы болуп кайтышты.
Гала кечесинде «Исмаил Баха Сүрелсан» консерватория тобу, Түрк дүйнөсүнүн музыка тобу жана ТРТнын ыр чебери Тугба Гер көрүүчүлөргө музыка шаң-шапатын тартуулашты.
Ар башка тилдердеги ырларды катышуучулар бийлери менен коштошту. Элдик бийлер тобунун чыгармалары да кызыгылып көрүлдү.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718616432)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718616432)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.