Газиантеп "Жаратуучу шаарлар желесине" кирди

ЮНЕСКОнун гастрономия тизмесинде Кытайдан эки, Бразилия, Түтүштүк Корея, Швеция, Колумбия, Япония жана Ливандан бирден шаар болуп жалпы 8 шаар орун алды

407205
Газиантеп "Жаратуучу шаарлар желесине" кирди

Газиантеп гастрономия тармагында ЮНЕСКОнун «Жаратуучу шаарлар желесине» кирди. ЮНЕСКО 33 өлкөдөн 47 шаарды «Жаратуучу шаарлар желесине» алган жана Газиантеп бул тармакта Түркиянын жол башчы шаары болуу өзгөчөлүгүнө ээ болду.
«Жаратуучу шаарлар желеси» 2004 - жылы ЮНЕСКОнун иш алып баруу кеңешинин 170 - жыйынында чыгарылган чечимдин негизинде дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн 116 шаардын катышуусу менен курулган.
Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн шаарларынын социалдык, экономикалык жана маданий өнүгүүлөрүнө салымын кошууну максат кылган желеге мүчө болгон шаарлар, жергиликтүү жаратуучулук, таанытуу иштерин арттырууну максат кылууда ЮНЕСКОнун маданий түрдүүлүгүнүн колдоого алынуусу тууралуу көз караштарын бөлүшүүдө. Программага катышуу кол өнөрү жана элдик искусство, дизайн, кино, гастрономия, адабият, музыка жана көркөм искусство тармактарында ишке ашууда.
ЮНЕСКОнун гастрономия тизмесинде Кытайдан эки, Бразилия, Түтүштүк Корея, Швеция, Колумбия, Япония жана Ливандан бирден шаар болуп жалпы 8 шаар орун алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар