Бишкекте түрк врачтары оорулууларга бекер консультация берет

8-декабрда “АДЖИБАДЕМдин” адистери бейтаптарды бекер кабыл алат.

403220
Бишкекте түрк врачтары оорулууларга бекер консультация берет

7-декабрда Түркиянын “АДЖИБАДЕМ” медициналык борборунун белгилүү врачтары Бишкектеги Онкологиялык борбордо “Торакалдык жана жалпы хирургияда эндоскопикалык мамиле” темасында семинар өтүшөт.
8-декабрда “АДЖИБАДЕМдин” адистери бейтаптарды бекер кабыл алат, анын жүрүшүндө Бишкектин жашоочулары дүйнөлүк деңгээлдеги врачтардан өз оорусу тууралуу так аныктамаларды ала алышат. Кабыл алуу Чүй проспекти 71 адреси боюнча саат 9 дан 17ге чейин уланат.
Маалымат: Торакалдык хирургия – бул көкүрөк клеткалар органынын хирургиясы.
“АДЖИБАДЕМ” – Түркиянын жеке клиникаларынын алдыңкы тармагы. Жогорку сапаттуу диагноз жана адистердин профессионалдуу тобунун колдоосу жана заманбап жабдыктарды колдонуу менен алдыңкы медициналык ыкмалар аркылуу дарылоону сунуштайт. Жыл сайын «АДЖИБАДЕМге » миллиондогон бейтаптар кайрылат.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар