«Стамбул Unveiled» аттуу даректүү тасма чоң кызыгуу жаратты

Стамбулдун туристтик жайларын чагылдырган даректүү тасманы көрүүчүлөр кызыгуу менен көрүштү

419248
«Стамбул Unveiled» аттуу даректүү тасма чоң кызыгуу жаратты


АКШнын Бостон шаарында Стамбулду чагылдырган «Стамбул Unveiled» аттуу даректүү тасманын көрсөтүлүшү чоң кызыгуу жаратты.
20-Бостон түрк маданият жана көркөм өнөр фестивалынын алкагында «Стамбул Unveiled» аттуу даректүү тасмага болгон көрүүчүлөрдүн кызыгуусун, билеттери бир канча күн мурда эле сатылып кеткени далилдейт.
Стамбулдун туристтик жайларын чагылдырган даректүү тасмадага кийин көз караштарын сөз кылган режиссер Шериф Йенен элдин бул тасмага болгон кызыгуусуна абдан кубанганын белгиледи.
Шериф Йенен кинону тартып бүтүрүү эки жылга созулганын жана учурда Стамбул тууралуу жаңы долбоорлорду иштеп чыгаруу үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар