Түрк кофеси Чоң жыйырмалыкта

Коллекциячы Шахин Паксойдун Осмон доорунан калган Түрк кофесине байланыштуу экспонаттар орун алган атайын коллекция көрсөтүлөт.

366019
Түрк кофеси Чоң жыйырмалыкта

Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында шаарга келе турган дүйнөлүк лидерлер жана жубайларына түрк кофесинин өткөндөн учурубузга чейинки аңгемеси түшүндүрүлүп, кумда бышкан кофе сунулат.
Маданият жана туризм министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин уюштуруусунда маданият аянтында Түрк кофеси бөлүмү түзүлдү.
Коллекциячы Шахин Паксойдун Осмон доорунан калган Түрк кофесине байланыштуу экспонаттар орун алган атайын коллекция, ушул аянтта көргөзмөгө коюла баштады. Ичинде тийиштүү мезгилдери жазылган 10 жылдан 300 жылга чейинки сок билек, жаргылчак, чашка, чашка койгуч сыяктуу ар түрдүү экспонаттар, саммит үчүн шаарга келген дүйнө лидерлери жана жубайларына түшүндүрүлөт.
Түрк кофесинин тарыхтан бери келген баскычы, колдонулган материалдар да түшүндүрүлөт. Дүйнөлүк лидерлер жана жубайларына бул жерде түзүлгөн аятта, кумда бышырлыган түрк кофеси түрк локуму менен бирге сунулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар