Лидерлерге бериле турчу белектер даяр

Чоң жыйырмалыктын саммитине катыша турган лидерлерге кандай белектер берилет?

416588
Лидерлерге бериле турчу белектер даяр

Антальяда 15-16-ноябрда өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитине катыша турган лидерлердин белектери даяр.
Лидерлерге Түркиянын желеги жана ысымы басылган халат, полотенца менен одеялдар белек кылынат.
Президент Эрдоган болсо лидерлер үчүн атайын түрк локумун даярдатты.
Локумдарды даярдаган азык-түлүк фирмасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Нежми Алпагот Түркияны дүйнөгө эң мыкты тааныткан таттуу түрк локуму экенин айтты.
Алпагот: «Чоң жыйырмалыктын лидерлерине түрк локумун берүүнү туура көрүштү. Дүйнөдө көптөгөн маселе бар бирок таттуу жеп, таттуу сүйлөшүшөт деп ойлоймун»,-деди.
Лидерлерге варенье да белек кылына турганын белгилеген Алпагот, Антальянын алдыңкы планга чыккан өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү максатында кутулар ичинде баклажан, бергамот апельсиндин вареньелерин даярдагандарын айтты.
Чоң жыйырмалыктын лидерлерине белек кылына турчу халаттар да даяр.
Германиянын канцлери Ангела Меркель, Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой жана Мексиканын президенти Пенья Ньетого бериле турган, Түркиянын желеги менен ысымы басылган халат жана полотенцалар Денизли шаарындагы бир фирма тарабынан тигилип, алар конок боло турган отелдерге жөнөтүлдү.
Ошондой эле дүйнөлүк лидерлерге Сиирт шаарына таандык мамык одеялдар белек кылынмакчы.
Аларга одеялдар менен бирге тыбыттан даярдалган куржун да белекке берилет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар