Орусиялык туристтер Түркияда эс алышат
Орус туристтер саякат агенттиктеринин сунушун кабыл алышты.
![Орусиялык туристтер Түркияда эс алышат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/276293411100010017538.jpg?time=1719069259)
Орус туризм агенттиктери кардарларына, токтоп калган Египет турларынын ордуна Түркияда эс алууну сунуштап жатат.
Риа Новостинин Орусиянын саякат агенттиктери коомунан алып берген маалыматына караганда, Египет пландарын жойгон туристтердин 20-30 пайызы Түркияда эс алуу сунушун кабыл алышты.
«Известия» гезитинин маалыматында да Орусиянын каттамдарга тыюу салуусунун себебинен 140 миңден ашуун орус туристтин Египетке бара албай калганы айтылууда.
Кабарда туристтердин көпчүлүгүнүн акчасын кайтарып алуунун ордуна Түркияда эс алууну тандагандары, анын үстүнө жайкы сезон аяктагандыктан кошумча төлөм төлөбөй тургандары билдирилди.
Орус жүргүнчү учагы 30-октябрда Египеттин Шарм Эль Шейх шаарында жерге кулап түшүп 224 киши каза болгондон кийин Орусиянын лидери Путин бул өлкөгө жүргүзүлө турган бардык каттамдардын токтотулушуна чечим чыгарган болчу.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1719069259)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.