Израилдин бешинчи президенти дүйнөдөн кайтты
Ицхак Навондун теги эне тарабынан Палестинага, ата тарабынан Осмон империясына баш калкалаган испан еврейлерине таянат.
Израилдин 1978-1983-жылдар аралыгында президенттигин кылган Ицхак Навон 94 жашында дүйнөдөн кайтты.
Иерусалимде туулган Израилдин 5-президенти Ицхак Навондун теги эне тарабынан Палестинага, ата тарабынан Осмон империясына баш калкалаган испан еврейлерине таянат.
Палестиналыктарга карай кыргын салган Хагана аттуу сионист парамилитардык уюмга 1940-жылы мүчө болгон Навон, арабдар жашаган бир топ айылды жок кылып, Израилдин курулушуна пайдубал түптөгөн уюмда жогорку кызматтарда турган.
Ицхак Навон президенттик мезгилинде Египеттин президенти Анвар Садат менен Израилде жолуккан, эки өлкөнүн ортосунда 1978-жылы кол коюлган «Camp David» келишиминде да маанилүү роль ойногон.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.