Азия-Тынч океан берүүлөр биримдиги (ABU)
Шенол Гөка Азия-Тынч океан берүүлөр биримдигинин төрага орун басары болду.
Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Шенол Гөка Азия-Тынч океан берүүлөр биримдигинин төрага орун басарлыгына шайланды.
Стамбулда ТРТнын жетекчилигинде өткөрүлгөн АБУнун 52-Башкы ассамблеясындагы шайлоодо, Гөка бир добуштан төрага орун басарлыгына шайланды.
68 мүчө өлкөдөн 275тен ашуун мүчө катышкан Башкы ассамблеяда, ТРТ да 3 жылга кайрадан Башкаруу кеңешинин мүчөлөгүнө шайланды.
Азия-Тынч океан берүүлөр биримдигинин (ABU) 52-Башкы ассамблеясынын бир жумага созулган жыйналыштарында медианын учурдагы маселелери каралды.
3,5 миллиарддан ашуун көрүүчүгө кайрылган жана өлкөлөр арасында берүү тармагында кызматташууну максаттаган АБУнун Башкы ассамблеясынын алкагында, ТРТнын башкы директорунун орун басары Ибрахим Эрен: «Коомчулугунун медиа тарабынан күчтөндүрүлүшү» аттуу отурумга катышты.
Ибрахим Эрен бул жердеги сөзүндө ТРТнын мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын берүүлөрүнө токтолуп: «ТРТ катары мамлекеттик берүү түшүнүгү менен кыймыл кылуудабыз жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын берүүлөрдү чыгаруудабыз. Мисал үчүн кулагы дүлөйлөр жана көзү азиздер үчүн долбоорлонгон сериал, кабар жана даректүү тасмалардан турган атайын интернет барагыбыз бар. Бул порталыбыз абдан чоң кызыгууну тартууда жана айына 200 миң киши тарабынан окулууда»-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718837096)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718837096)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.