Анкарадагы жолугушуу (видео)

КДМКнын Анкара өкүлчүлүгүндө студенттер,журналисттер жана алар менен ой бөлүшкөн М.Турдуев.

391218
Анкарадагы жолугушуу (видео)

10-октябрда Түркиянын борбору Анкарада Кыргызстан достук жана маданият коому уюштурган иш-чара болуп өттү.
Ал иш-чарада кыргыз улан-кыздарынын жетишкендиктери жана ошондой эле жаңы окууга келген студентерди бири-бири менен таныштыруу жолугушуу иш чарасы болуп өттү.Түркия мамлекетине кыргызстандан келген студенттер жылдан жылга көбөйүп баратат,бул жакшы көрүнүш десек жаңылышпайбыз.Кыргыз коому алардын баарынын башын бириктиргенге аракет кылып келет.
ТОBB университетинде докторантура программасын артыкчылык менен аяктап, ТЕД университетинде кызмат кылып жаткан Мирбек Турдиев өзүнүн иш тажрыбасы жана окуу маселеси тууралу жаңы келген студенттер менен ой бөлүштү.
Ошондой эле студенттер менен таанышуу иш-чарасына ТРТ телерадиоберүү каналында иш тажрыйба алмашып жаткан Коомдук телерадио корпорацисынын жана кабар агентигинин журналисттери да катышты. Бул иш-чарада жөн эле тажрыйба алмашуу эмес,студенттердин жүрүм-туруму жана укугу тууралу да кеп кеңештер талкууланды. Кыргызстан достук жана маданият коомунун Анкарадагы өкүлчүлүгүнүн төрагасы Мирбек Жолдошбаев журналисттерге жана студенттерге кыргыз коому тууралуу маалымат берип өттү.
Кыргызстан достук жана маданият коому Мирбек Турдиевди докторантура диссертациясын ийгиликтүү аятап жактаганы менен кутуктап чакан белегин тапшырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар