ТРТнын жаңы демилгелери

Анкарада өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун "Чөлгө айлануу менен күрөшүү" келишиминин 12-тараптар конференциясына расмий байланыш демөөрчүсү ТРТ болот.

348341
ТРТнын жаңы демилгелери

ТРТ (Түркия радио телеберүү мекемеси), Чөлгө айлануу жана эрозия менен күрөшүү башкы директорлугу менен кызматташтык протоколуна кол койду.
Протоколго ылайык октябрь айында Анкарада өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун "Чөлгө айлануу менен күрөшүү" келишиминин 12-тараптар конференциясына расмий байланыш демөөрчүсү ТРТ болот.
Конференцияга 195 өлкөдөн мамлекет башчылары, министрлер, парламентарлар, илимпоздор, бейөкмөт уюмдардын өкүлөрү катышат.
Бир топ экология маселелери карала турган конференцияда, климат өзгөрүүсүнө байланыштуу маселелер да сөз кылынат.
Токой чарба министрлигине караштуу чөлгө айлануу жана эрозия менен күрөшүү башкы директорлугу менен кол коюлган протоколго ылайык конференция тууралуу жарыялар, берүүлөр, ТРТ курамында орун алган телеканалдар, радио, интернет, мобилдик медиа, гезит, журналдардын жарыялары менен коомдук пикирге жеткизилип турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар