«Балкан кербени» Косовада

Түрк маданиятынын Балкандарга таанытылуусу максатында уюштурулган «Балкан кербени» Косова калкы менен жолугушту

390341
«Балкан кербени» Косовада

Стамбулдун Күчүкчекмеже муниципалитети менен Юнус Эмре институту биргелеше уюштурган Түркия маданият министрлиги колдогон «Балкан кербени» проектисинин негизинде Косованын тарыхый шаарларынан Призренде түрдүү маданий иш чаралар өткөрүлдү.
Иш чарага Түркиянын Призрен башкы консулу Селен Эвжит Косова Түрк өкүлдөр делегациясынын төрагасы полковник Саим Багжы Түркия менен Косова мекеме жана мекемелердин өкүлдөрү да катышты.
Түрк маданияты жана санаты чагылдырылган иш чаранын алкагында белгилүү «Шадырван» аянтында каллиграфия, айнекке сүрөт тартуу менен боёк, коло иштетүү сыяктуу түрк салттык санаттары көрсөтүлдү.
Түркиянын бир топ аймагына таандык элдик бийлер абдан чоң кызыгуу менен жактырылды. Түркиядан жолго чыккан «Балкан кербени» иш чарасы Македониянын борбор шаары Скопиядагы иш чара менен аяктайт.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар