Миланда түрк киносуна сыйлык
«Деңиз деңгээли» киносу 21 - Адана «Алтын коза» кино фестивалында алган 6 сыйлык алган
15 - Милан эл аралык кино фестивалына түрк киносу ''Деңиз деңгээли'' тамгасын басты. Милан Спазио Антено кино – театрында өткөрүлгөн иш чарадан кийин сыйлык берүү аземинде ийгиликтүү кинематографисттер «Леонардо да Винчи аты» сыйлыктарын алышты. Кинонун башкы ролун ойногон актриса Дамла Сөнмез «эң жакшы аял актриса», режиссерлору Нисан Даг жана Эсра Сайдам болсо «эң жакшы режиссер» сыйлыктарын алышты.
«Деңиз деңгээли» киносу андан мурда 21 - Адана «Алтын коза» кино фестивалында алган 6 сыйлык менен бирге Флорида Скайуэй кино фестивалында да режиссерлоруна сыйлык алып берген.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718556615)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718556615)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.