14 - Стамбул Биеннале үчүн даярдыктар аяктады
14 - Стамбул Биеннале 5 - сентябрда ачылат
Стамбулдун ушул күнгө чейин көргөн эң көп жерге жайылган, эң көп өнөрпоз катышкан биеннале боло турган 14 - Стамбул Биеннале 5 - сентябрда ачылат.
Стамбул маданий санат фонду уюштурган 36 жерде 1500дөн ашуун өнөрпозду жолугуштурган биеннале пресс жыйын менен таанытылды. Стамбул маданий санат фонд кеңешинин төрагасы Бүлент Эжзажыбашы бул биенналенин башкаларынан айырмаланганына көңүлдөрдү бурду. Эжзажыбашы : «Алдыбызда башка бир иш чара бар, башка бир биеннале бар. Бул жолку биенналебиз толук мааниси менен Стамбулга жайылып жатат, башка бир тажрыйба болот. Биеннале Түркиянын эл аралык тармакта кызыгуу менен зыяратчыларды тарткан эң чоң иш чара болот»,- деди. Стамбул маданий санат фонду тарабынан Коч холдингдин спонсорлугунда уюштурулган 14 - Стамбул Биенналени 1 - ноябрга чейин акысыз кыдырууга болот.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718834005)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718834005)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.