Атамбаев кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады

КР Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

341452
Атамбаев кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүктүн 24 жылыдыгы майрамына катышып, кыргызстандыктарды куттуктады. Анда мындай деди:
“Урматтуу кыргызстандыктар, кадырман калайык калкым!
Бүгүнкү майрамдын ардактуу коноктору!
Сиздерди мамлекетибиздин башкы майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!
Бир кезде Памир тоолорунан Байкөлгө чейинки учу-кыйырсыз аймакты камтыган Улуу кыргыз Каганатынын чачырап кеткен бөлүктөрүнүн бири болгон Ала-Тоо жергесинде, 24 жыл мурда кырмызы кызыл Туу желбиреп, Кыргыз Республикасы көз жарды. Элибиз нечен тар жол, тайгак кечүүдөн өттү.
Туура беш жыл мурда - 2010-жылы өлкөбүздө тынчтык эле болсо экен, мамлекетибиз бөлүнүп-жарылып кетпесе экен деп жаратканга жалынганым эсте.
Эми беш жыл өткөндөн кийин, Кудайга рахмат, өлкөбүзгө тынчтык менен туруктуулук орноду, мамлекетибиздин кереге-боосун бекемдей баштадык деп ишенимдүүлүк менен айта алабыз. Тынчтык менен ынтымактын артынан акырындан өнүгүүгө жол ачылды. “Кыргызстан мамлекет болбой калды” деп табалаган “көзү ачыктардын” тилеги таш капты. Кыргызстан тарыхый, экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна бет алды.
Жазучуулардын бири айткандай: “Биз ким элек, ким болдук?”. 5 жыл мурда өлкө кандай акыбалда эле? Салыштыруу мүмкүн эмес. Дагы беш жыл өтөөр. Ал кезде элибиздин аң-сезими дагы өсөт, Кудай буйруса, өзгөргөн, өөрчүгөн, өнүккөн өлкө болобуз. Анткени, жергебизде ар бир адамдын кайсы жагынан болбосун өсүшүнө шарт түзүлдү. Кыргызстан региондо эң эркин өлкө болуп калды. Эми эң өнүккөн өлкө болушубуз керек.
Кыргызстан азыркы бир калыпта туруктуу өнүгүү жолунан тайбашы керек. “Сабырдын түбү – сары алтын” дегендей, эрикпей кадам артынан кадам таштап, чачылганды жыйнап, жакшыны жакшыга улап, улам өр тартып жүрүп отурганыбыз туура. Мен буга чейин да айткам, азыр да айтамын: сырттан бирөөлөр бизге ынтымак алып келет, бизди өнүктүрөт, жыргал заманга жеткирет деген – жалган, жаңылыш көз караш. Биз ар кимден суранбай, тиленбей, өз жаныбызды өзүбүз багышыбыз керек, өз мамлекетибизди өзүбүз бекемдешибиз керек.
“Көч бара-бара түзөлөт”. Элибиз, өлкөбүз өткөөл кезеңдин сыноолорунан абийир менен чыкты. Кыйынчылыктар калкыбыздын эркин бекемдеди, кайратын дагы да арттырды. Мен биздин өлкөбүздүн кең келечеги бар деп толук ишенем.

"Кабар" маалымат агенттиги

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар