30-Август Жеңиш Майрамына карата иш-чара өттү

Ататүрк Маданият борборундагы 30-Август иш-чараларында жаңы нерселер болду.

372233
30-Август Жеңиш Майрамына карата иш-чара өттү

30-Август Жеңиш Майрамынын себебинен Анкаранын Ататүрк маданият борборундагы азем Президент Режеп Таййип Эрдогандын классикалык автомобилден трибунага салам бериши менен башталды.
Быйылкы аземде жаңы нерселер болуп жатты. Президент Эрдоган элге кайрылды.
Эрдоган: «Көз карандысыздык жана келечек үчүн күрөшүбүз эч качан токтогон жок, токтобойт дагы. Миң жылдан бери бул аймактарда канчалаган жеңиштерге ээ болгон, чыккынчылардын оюн таш каптырган азиз улутбуз бүгүн болуп жаткан кыйынчылыктарды ашып өткүдөй күч жана акылга ээ»-деди.
Аземдерде чоң оркестр тобу орун алды. Түрк куралдуу күчтөрүнүн оркестрлери алгач ирет аралаш түрдө кызмат өтөштү.Президенттик гвардия полкунун мылтыкчан көрсөтүүсү да чоң жактырууга ээ болду.Ардак трибунасынын алдында 16 Түрк тилдүү мамлекеттерди өкүлдүк кылган гвардия полкунун жоокерлери да орун алышты.Расмий жүрүштө Коргоо өнөр жайынын жергиликтүү чыгарылыштары да алгач ирет көрсөтүлдү.Түрк куралдуу күчтөрүнүн сыймыгы улуттук танка «Алтай» мактоолордун коштоосунда өттү.«Хүркуш» да параддын үстүнөн учуп өттү.«Атак» тик учары болсо жүрүштүн акырында ардак трибунасына салам берди.
Ататүрк Маданият борборундагы аземдер Түрк жылдыздарынын (реактивдүү учактар) шоу көрсөтүүсү менен аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар