Измир жарменке өткөрүүгө даяр

Жарманкеге быйыл 50дөн ашуун өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

340281
Измир жарменке өткөрүүгө даяр

84-жолу каалгаларын ача турган Измирдин интернационалдык жарманкеси үчүн бардык даярдыктар бүттү. Жарманкеге быйыл 50дөн ашуун өлкөдөн катышуу күтүлүүдө.
Измир кечкисин кайрадан жарманке менен түркүн түскө бөлөнөт. Измирдин интернационалдык жарманкеси 28-август жума күнү каалгаларын 84-жолу ачат. 50дөн ашуун өлкөдөн катышуу күтүлгөн жарманкенин быйылкы темасы «билим берүү» деп белгиленди.
Өнөктөш өлкө Түркмөнстан жана ардактуу конок облус Эскишехир,тарыхый жана табигый кооздуктары менен келгендерге таанытылат. 10 күнгө созула турган жарманкеде бир топ маданият-санат иш-чаралары да уюштурулат.
Измир шаарынын башчысы Азиз Кожаоглу, жарманкени жаштар менен бирге келечекке жеткирүүнү максаттагандарын айтты. Измир шаарынын башчысы Азиз Кожаоглу: «2016-жылы жарманкебизди эл аралык долбоорлоо сынагы менен өзгөчө жана башкача деңгээлге жеткиребиз. Айрыкча жарманкебизди, Измир интернационалдык жарманкесин жаштык шаң-шапатына, жаштык жолугушуусуна айландырууга б.а. келечекке карай жаштар менен бирге басууга атайын маани беребиз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар