Газиантеп университетинде жаңы долбоор...

Газиантеп университети согушта жабыр тарткан окуучулар үчүн араб тилинде билим бере баштады.

339797
Газиантеп университетинде жаңы долбоор...

Газиантеп университети согушта жабыр тарткан окуучулар үчүн араб тилинде билим бере баштады.Быйылкы максат 26 бөлүмгө миң студент алуу.Бул ишке ашыруудан эң көп сириялык жана палестиналык окуучулар пайдаланышат.
Газиантеп университети согушта жабыркаган окуучулар үчүн шымаланып киришти.
Жарандык согуштан качкан жана окууларынын жарымы бүтпөй калган университет окуучулары университетке алынат.
Бул туурасында маалымат берген Газиантеп университетинин ректору,проф.др.Явуз Жошкун: «Адамдарга пайдалуу долбоор. Бир тараптан жогорку окуу жай жагынан алганда да төңкөрүштөй долбоор катары ортого чыгууда...Бул бир университеттин, балким үрөндөрү боло турган Жакынкы Чыгышка, араб тилдүү калктарга карай маанилүү, жогорку окуу жайы жагынан олуттуу долбоор катары ортого чыгат»-деди.
Окуу жай алгачкы каттоолорун ала баштады.Согушта жабыркаган студенттер бул ишке ашырууга абдан ыраазы болушту.Жогорку Билим берүү кеңеши, 26 бөлүмдө согушта жабыркаган жаштар үчүн миң орун бөлдү.
Университетте араб тили менен катар түрк жана англис тилдеринде да сабак берилет.
Бул ишке ашыруу Сириядан качкан академиктер үчүн нан таба турган каалга болот.
Сириялык академиктер да Газиантеп университетинде кызмат кыла алышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар