Доэрти рак менен күрөшүүдө
Ошол эле учурда Доэрти мурунку менеджерлик фирмасына да доо ачты
Белгилүү америкалык актриса Шеннен Доэрти эмчек рагы менен күрөшүүдө. Атын 90 – жылдарда «Үйүбүз Голливудда» аттуу сериалдагы Бренда ролу менен угузган Шеннен Доэрти рак менен ооруп жана дарыланып жатканын билдирди.
Доэрти туура тамактанууга, көнүгүүлөрдү жасоого жана позитивдүү ойлонууга аракет кылганын белгилеп дарыгерлерине рахмат айтты. Ошол эле учурда Доэрти мурунку менеджерлик фирмасына да доо ачты. Доэрти фирма убагында төлөбөгөндүктөн саламаттык тейлөө кызматтарынан пайдалана албаганын, ушунун айынан оорусунун эрте аныктала албаганын айтууда.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.