Түрк кинолору Мексикада
Мексикадагы фестивалда бир канча түрк киносу назарга сунушталат.
Мексиканын Сан-Мигель-де-Альенде жана Гуанахуато шаарларында уюштурулган, Гуанахуато эл аралык кино фестивалынын конок өлкөсү Түркия болду.
17-июлда башталган жана 26-июлда соңуна чыга турган Латын Америка өлкөлөрүнүн эң маанилүү фестивалдарынан бири катары кабыл алынган фестивалдын «Түркия бөлүмүндө» 56 кино көрсөтүлөт.
Фестивалдын конкурсундагы калыстар тобунда оюнчу Мелиса Сөзен, режиссер Жем Кая жана кино жазуучусу Эсин Күчүктепепынар кызмат кылууда.
Өмер Лүтфи Акаддын «Келин» жана Метин Эрксандын «Суусуз жаз» аттуу кино тасмалары менен катар Нури Билге Жейландын «Кыш уйкусу» жана «Бир убактарда Анадолу», Семих Капланоглунун «Бал», Реха Эрдемдин «Жин», Зеки Демиркубуздун «Жер асты», Йылмаз Эрдогандын «Көпөлөктүн түшү», Каан Мүждежинин «Сивас», Махмут Фазыл Жошкундун «Йозгат блюес» жана Махсун Кырмызыгүлдүн «Ажайып» аттуу кино тасмалары фестивалдын алкагында көрсөтүлүүдө.
Түркия бөлүмүндө айрыкча Осмон мезгилинде чет өлкөлүктөр тарабынан Осмон жерлеринде тартылган үнсүз кыска метраждуу кинолордон турган коллекция да көрсөтүлөт.
Музыкалуу үнсүз тасмалар менен кыска метраждуу кино тасмалар да көрсөтүлгөн фестивалда, 19 толук метраждуу көркөм тасма жана 3 толук метраждуу даректүү тасма көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718834760)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718834760)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.