Бодрум Балет фестивалына кызыгуу көп

Эл аралык Бодрум Балет фестивалы башталды.

382205
Бодрум Балет фестивалына кызыгуу көп

Эл аралык Бодрум Балет фестивалы үч башка балет коюу менен башталды. Мамлекеттик опера жана балет башкы директорлугу жана Бодрум мэриясынын салымдары менен уюштурулган фестивалдын алгачкы күнүндө Игорь Стравинскийдин «Алтын кушу» жана «Жаз сыйынуусу» балеттери менен Равелдин «Болеро» балети Измир, Анталья жана Мерсин мамлекеттик опера жана балеттери тарабынан сахнага чыгарылды.
Волкан Эрсой жана Армаган Давран хореографиясын түзгөн жомоктой темалары, түркүн түстүү костьюм жана декорациялары менен көңүлдү бурган «Алтын кушта», искусство сүйүүчүлөр сыйкырдуу Алтын куш, сыйкырчы Кашшей жана анын сыйкырдуу бакчасын кызыгып көрүштү.
Угур Сейрек хореографиясын түзгөн Болеродо аял-эркек жана карым-катнаштары түшүндүрүлсө, Мехмет Балкан хореографиясын түзгөн «Жаз сыйынуусунда» да табияттын бир бөлүгү экендигин билген алгачкы адамдан табиятты унуткан заманбап адамга эскертүү орун алды.
21-июль шейшемби күнү кечинде Стамбул мамлекеттик опера жана балет даярдаган «Жетимен» балети сахналана турган фестиваль 1-августта соңуна чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар