Мексикада түрк киносу

Гуанахуато эл аралык кино фестивалынын конок өлкөсү Түркия болду

381594
Мексикада түрк киносу

Мексиканын Сан - Мигель-де-Альенде жана Гуанахуато шаарларында өткөрүлгөн Гуанахуато эл аралык кино фестивалынын конок өлкөсү Түркия болду.
Латын Америка өлкөлөрүнүн эң негизги фестивалдарынын бири катары кабыл алынган фестивалдын «Түркия бөлүмүндө» 56 кино көрсөтүлөт.
17 – 26 - июль күндөрүнүн арасында өткөрүлө турган фестивалдын конкурс жюрилеринде актериса Мелиса Сөзен, режиссер Жем Кая жана кино жазуучусу Эсин Күчүктепепынар орун алат.
Өмер Лүтфи Акаддын «Келин» менен Метин Эркастын «Суусуз жай» кинолору менен Нури Билге Жейландын «Кыш уйкусу» жана «Бир убактар Анадолуда», Семих Капланоглунун «Бал», Реха Эрдемдин «Жин», Зеки Демиркубуздун «Жер асты», Йылмаз Эрдогандын «Көпөлөктүн түшү», Каан Мүждежинин «Сивас», Махмут Фазыл Жошкундун «Йозгат Blues» жана Махсун Кырмызыгүлдүн «Мужиза» киносу фестивалда көрсөтүлөт.
Кыска кинолор да көрсөтүлө турган фестивалда 19 узун метраждуу фантастика жана 3 узун метраждуу даректүү кино көрсөтүлөт. Түркия бөлүмүндө айрыкча осмондук мезгилинде чет элдиктер тарабынан осмондук территорияларында тартылган үнсүз кыска кинолор да көрсөтүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар