29- Эл аралык Бурса Алтын Карагөз элдик бий конкурсу

29 - Эл аралык Бурса Алтын Карагөз элдик бийлер конкурсу башталды

337022
29- Эл аралык Бурса Алтын Карагөз элдик  бий конкурсу

«5 материк Бурсада» деген темада өткөрүлгөн конкурстун ачылуу аземинде 18 өлкөдөн 700гө жакын бийчи жана музыкант катышты. Өлкөлөрүнүн улуттук кийимдерин кийген бийчилер өз чыгармачылыктары менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду. «54 – Эл аралык Бурса фестивалынын» негизинде өткөрүлгөн иш чарага бурсалыктар абдан чоң кызыгуу көрсөттү. Иш чарага Германия, Болгария, Босния – Герцеговина, Бразилия, Чех республикасы, Индонезия, Эстония, Хорватия, Испания, Черногория, Кыргызстан, Коста Рика, Косова, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Венгрия, Македония, Словения жана Сербиядан группалар катышууда. 12 - июлга чейин созула турган конкурста топтор айрыкча калкка да чыгармачылыктарын тартуулашат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар