Дүйнөлүк мурастар тизмесине Түркиядан дагы эки жер кошулду

Өмер Челик Диярбакырдын чептери жана Хевсел бакчаларынын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилгенин билдирди.

333131
Дүйнөлүк мурастар тизмесине Түркиядан дагы эки жер кошулду

Маданият жана туризм министри Өмер Челик, Диярбакырдын чептери жана Хевсел бакчаларынын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилгенин билдирди.
Өмер Челик социалдык бөлүшүү барагы твиттер аркылуу берген маалыматында: «Күтүп жаткан кубанычтуу кабарды алдык. Диярбакыр чептери жана Хевсел бахчалары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилишине чечим чыгарылды»-деди.
Дүйнөлүк мурастар комитетинин 39-Мезгилдик жыйынында чыгарылган чечими менен Түркиянын тизмедеги байлыгы 14кө жетти.
Жыйналышта сүйлөшүлө турган башка талапкерлердин бири да- Эфес.
«Жүздү жылмайтуучу кезек Эфесте»-деген Өмер Челик, талапкерлик убагында эмгеги өткөн ар кимге ыраазычылык билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар