Түрк бакчалары англис сарайында

«Хэмптон-Корт гүл жарманкесинде» бул жылы түрк бакчасы орун алды

325795
Түрк бакчалары англис сарайында

Англиянын борбор шаары Лондондогу Хэмптон-Корт сарайында жыл сайын болгон жана миңдеген киши келип көргөн «Хэмптон-Корт гүл жарманкесинде» бул жылы түрк бакчасы орун алды.
Курулушу 14 - кылымда башталган сарайдын арткы короосунда өткөрүлгөн жарманкенин 25 – жылында исламдык элементтери болгон «Бейиштин бакчасы» менен Эгей аймагы тема болгон «Эгейдин руху» аттуу эки түрк бакчасы орун алды.
5 - июлда аяктай турган жарманкеде түрк бакчалары менен бирге түрдүү түстүү өсүмдүк түрү, түрдүү пейзаж долбоорлору, бакча материалдары жана мебелдер көргөзмөгө коюлду. Иш чаранын негизинде 1990 - жылдан бери сарайдын бакчасындагы жарманке аянты чоң бир ботаникалык бакчага айландырылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар