Омега-3түн көзгө пайдалары

Омега-3 көздүн кургашынын таасирлерин азайтат.

306256
Омега-3түн көзгө пайдалары

Индиялык илимпоздор 478 киши катышкан 3 айга созулган изилдөөдө, Омега-3 май кислотасынын көздүн кургашына алып келген ириңдөөлөрдү азайта турганын ортого салды.
Изилдөөнүн жыйынтыктары «Contact Lens & Anterior Eye» журналында жарыяланды.
Компьютерди ашыкча колдонуу көздү чарчатуу, көздө жана көз чөйрөсүндө оору, ачышуу, кургоо, кытышуу, кызаруу, суулануу, күңүрт көрүү, тике карай албоо, көздү кысып кароо, нурга карай сезимталдык, көздүн кабыгында ириңдөө, баш оорусу сыяктуу маселелерге себепчи болот.
Омега-3, тунец, лосось сыяктуу балыктар менен катар зыгыр уругу, портулак, гвоздика, бакча козу кулагы, соя сыяктуу өсүмдүктөрдө да көп кездешет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар