Чет өлкөлөрдө түрк жарандары добуштарын берип жатышат

Кыргызстанда да түрк шайлоочулар 7-июнда боло турган парламенттик шайлоолор үчүн добуштарын берүүдө.

298854
Чет өлкөлөрдө түрк жарандары добуштарын берип жатышат

Чет өлкөдө жашаган 2 миллион 867 миң шайлоочудан 774 миң 543ү добуштарын беришти.
Англлия, Шотландия, Италия, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө түрк шайлоочулар 7-июнда боло турган парламенттик шайлоолор үчүн добуштарын берүүдө.Англиянын борбор калаасы Лондондо жана Шотландиянын борбор калаасы Эдинбургда түрк шайлоочулар добуш берип жатышат.
Түркиянын Лондондогу консулу Эмирхан Йорулмазлар, жалгыз гана борбор калаада 80 миңден ашуун шайлоочу добуш берүү укугуна ээ болгонун айтты.Орусияда Түркиянын Москвадагы элчилигинде төрт шайлоо урнасы курулду. Түрк шайлоочулар Москва менен катар Санкт-Петербург, Казан жана Новороссийсктеги башкы консулдукта добуштарын беришет.
12 миң шайлоочу бар Италияда шайлоо ылдам уланууда. Босния-Герцеговинада урнага биринчи добушту Түркия Республикасынын Сараеводогу элчиси Жихад Эргинай салды.
Бириккен Араб Эмирликтери, Греция, Алжир, Израиль, Казакстан, Македонияда добуш берүү процесси бүгүн аяктайт.
Жогорку шайлоо кеңеши 7-июнда боло турган 25-сессиянын эл өкүлдөрүн шайлоо үчүн 54 өлкөдөгү 112 өкүлчүлүктө урна даярдады


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар