Кыргызстанда Түрк товарларынын жумалыгы өтүп жатат

Иш-чара 1-июнга чейин созулат.

296234
Кыргызстанда Түрк товарларынын жумалыгы өтүп жатат


Кыргыз-түрк ишкерлери коому (КЫТИД) тарабынан борбор шаар Бишкекте салттык түрдө уюштурулган Түрк товарларынын көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат.
Быйыл 12-жолу уюштурулган иш-чара 1-июнга чейин созулат.
Орто эсеп менен 50 фирма товарларын түздөн-түз кардарларга тартууласа, андан түшкөн кирише да ушул коом аркылуу социалдык жоопкерчилик долбоорлорунда колдонулат.
Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч Кыргызстанда түрк товарларына талап көп экенин айтты.
Кыргыз-түрк ишкерлери коомунун жетекчиси Шевки Сарылар да 400 миллион доллардык инвестиция жасаган түрк демилгечилеринин миңдеген кишиге жумуш мүмкүнчүлүгүн түзгөнүн белгиледи.
Кыргызстандын өнөр жай жана соода палатасынын төрагасынын орун басары Нурлан Мусуралиев болсо эң көп инвестиция жасаган өлкөлөрдүн бири Түркия экенин сөз кылып, эки өлкөнүн ортосундагы соода жана экономикалык карым-катнаштардын акыркы убактарда дагы да өнүгө баштаганын баса белгиледи.
Көргөзмɵдө Кыргызстанда ишмердик жүргүзүп келе жаткан түрк фирмалар тарабынан өндүрүлгөн товарлар менен бирге Түркиядан алынып келинген түрк товарлары кɵргɵзүлɵт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар