Ырлар менен сүйүү жана бир туугандык кабарын беришти
Неждет Баят 20 тилде аткарылган ырлар менен дүйнөгө жана өлкөгө тынчтык, бир туугандык жана сүйүү кабарын берүүнү максат кылышкандарын айтты
Ванда Анка маданият жана санат коому тарабынан 20 тилде ырлар аткарылган «Тилдердин үнү концерти» берилди. Концерттен кийин билдирүү жасаган Анка маданият жана санат коомунун төрагасы жана хордун шефи Неждет Баят 20 тилде аткарылган ырлар менен дүйнөгө жана өлкөгө тынчтык, бир туугандык жана сүйүү кабарын берүүнү максат кылышкандарын айтты. Жакынкы Чыгышта маданияттардын миңдеген жыл тынчтык жана бир туугандык ичинде жашаганына көңүлдөрдү бурган Баят : «Тилдер боюнча согуш чыгаргандарга каршы берген концерт негизинен бир митинг. Хордо араб, армян, күрт, трк, азери, ирандык, грузин, афган досторубуз бар»,- деди. Баят бул жерден тил, дин, пикир жана оюу эмне болсо болсун бүткүл дүйнөдөгү адамдар бирдикте жашай ала турганын билдиришкендерин айтты.
35 кишилик хордун күрт тилинде, түркчө, зазажа, арапча, азериче, ибраниче, армянча, сурияниче, черкезче, орусча жана французча да араларында болгон 20 тилде ырлардын аткарылганын белгилеген Баят алдыбыздагы жылы башка тилдерди да кошушарын айтты.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.