«Евровидение-2015» ыр сынагынын жарым финалы аяктады
Жарым финалында финалга чыккан 10 өлкө белгиленди.
«Евровидение-2015» ыр сынагынын биринчи жарым финалы аяктады.
Венада быйыл 60-ирет өтүп жаткан «Евровидение-2015» ыр сынагынын биринчи жарым финалында финалга чыккан 10 өлкө белгиленди.
Жарым финалда 16 өлкөнүн өкүлдөрү өз ырларын тартуулашты. Жарым финалдын жыйынтыгына караганда Албания, Армения, Орусия, Румыния, Венгрия, Греция Эстония, Грузия, Сербия жана Бельгия финалга чыкты.
Молдова, Нидерландия, Финляндия, Македония, Дания жана Белоруссия жеңилген өлкөлөр болду.
«Евровидение-2015» ыр сынагынын экинчи жарым финалы 21-майда, финал болсо 23-майда өткөрүлөт. Евровидение ыр сынагы Австрияда 1967-жылдагы сынактан кийин экинчи жолу өтүп жатат.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1719122381)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.