Түркиянын жетинчи президенти дүйнөдөн кайтты

Түркия Республикасынын жетинчи президенти Кенан Эврен дүйнөдөн кайтты.

269055
Түркиянын жетинчи президенти дүйнөдөн кайтты

Түркия Республикасынын жетинчи президенти Кенан Эврен дүйнөдөн кайтты. Кенан Эврен дарыланып жаткан Анкара ГАТА (Гүлхане аскердик медициналык академиясында) көз жумду.
Улгайгандыгына байланыштуу органдарынын көпчүлүгү начарлагандыктан саламаттык абалы оорлошкон жана реанимация бөлүмүндө дем берүүчү аппарат байланган Эврен, оорудан кутула алган жок.
1978-жылы Башкы штаб төрагасы болгон Кенан Эврен кызматта турганда, Түрк куралдуу күчтөрү 1980-жылы 12-сентябрда бийликти колго алды.Түркия Улуу Улуттук Жыйыны жана шайланган өкмөт жоюлду. Конституция жараксыз кылынды.
Мыйзам чыгаруу жана аткаруу ыйгарым укуктарын орундатуу үчүн Улуттук коопсуздук кеңеши түзүлдү.Армия генералы Кенан Эврен, Башкы штаб төрагалыгы, Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагалыгы жана мамлекет башчылык кызматтарын милдеттенди.
1982-жылы 7-ноябрда өткөрүлгөн референдум менен жаңы конституция кабыл алынды.1982-жылдагы Конституциянын 1-беренесине ылайык Кенан Эврен президент болуп шайланды. Жети жылдык кызмат мөөнөтүн 1989-жылы аяктаган Кенан Эврен, кызматын Тургут Өзалга өткөрүп берди.
Кенан Эврен туурасында күнөөлөөлөр боюнча 2011-жылы 8-апрелде Анкара Республикалык башкы прокуратурасында тергөө башталды. 2012-жылы 4-апрелде сот жараяны башталды. Анкаранын 10-Оор жаза сотунда доосу каралган Кенан Эврен туурасында 2014-жылы 18-июнда, 1980-жылы 12-сентябрда ал убактын өкмөт башчысы Сулейман Демирелге меморандум берүү, Түркия Республикасынын Конституциясын жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынын жоюуга жана ишин аткаруусуна тоскоол болууга киришкендиги боюнча айып тагылып өмүр бою абак жазасы жана армия генералы даражасынын эфрейторго түшүрүлүшүнө өкүм чыгарылган.
Кассациялык сотко кайрылган доо каралып жатканда Кенан Эврен 98 жашында дүйнөдөн кайтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар