Эл аралык ТРТ даректүү фильм күндөрү Стамбулда башталды

ТРТ даректүү фильм сыйлыктары жарыш тышында көрсөтүлө турган атайын фильмдердин темасы согуш

266992
Эл аралык ТРТ даректүү фильм күндөрү Стамбулда башталды


Стамбулда 7 - өткөрүлгөн Эл аралык ТРТ даректүү фильм сыйлыктарына бул жылы 42 өлкөдөн 348 даректүү фильм кайрылды. Финалга калган фильмдер менен бирге дүйнөнүн түрдүү аймактарынан бир топ даректүү фильм калкка ачык жана акысыз көрсөтүүсү режиссерлордун да катышуусу менен ишке ашат.
ТРТ даректүү фильм күндөрү бул жылы Харбиедеги ТРТ Стамбул радиосу жана Notre Dame De Sion француз лицейинин залдары менен Стамбул заманбап санат музейинин кино залы болуп үч залда өткөрүлөт. ТРТ даректүү фильм күндөрүнүн ачылыш фильми режиссерлугун Патрисио Энрикес аткарган «Уйгурлар, абсурд бир туткундук баяны» аттуу Канадада чыккан бир даректүү фильм. Фильм Кытайдан качкан 3 уйгурдун Афганстандан Гуантанамого ал жерден да Бермудага чейин барганын баяндайт.
ТРТ даректүү фильм сыйлыктары жарыш тышында көрсөтүлө турган атайын фильмдердин темасы согуш. «Согуш панорама» деп аталган бул бөлүмдөгү фильмдер кагылышуулардан башка жакынкы күндөр же мындан мурунку жылдар болсун согуштар жол ачкан жана таасири ушул күнгө чейин келген маселелер баяндалган жана акыркы жылдарда эң көп кызыгуу көргөн фильмдердин арасынан тандалды. 6 башка өлкөдөн 10 даректүү фильм орун алган «Согуш панораманын» көрсөтүлүүсү жана режиссерлор менен маектешүү 8 – 9- 10 - май күндөрү Каракөйдөгү Стамбул заманбап санат музейинин кино залынан көрүүгө болот.
ТРТ даректүү фильмдер күндөрүнүн алкагында согушту тема кылып алган даректүү фильмдер орун алган «Согуш панорама» бөлүмүн толуктоочу мүнөздө Стамбул радио үйүндө жекшемби күнү жыйын өткөрүлөт. ТРТ даректүү фильмдер сыйлыгынын гала кечеси жана сыйлык тапшыруу аземи 11 - май күнү кечинде ТРТ Тепебашы студияларында өткөрүлөт.
7 - ТРТ даректүү фильм сыйлыктары жана ТРТ даректүү фильм күндөрү тууралуу программа жана башка маалыматтарды www.trtbelgesel.com адресинен билүүгө болот.

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар